Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 20-сессиясынын
2023-жылдын 16-марты № 20-12
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы жолдун жээгиндеги кызыл сызыкка чыккан бак-дарактарды алууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы жолдун жээгиндеги кызыл сызыкка чыккан бак-дарактарды алууга макулдук берүү жөнүндөгү маалыматты жергиликтүү кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы жолдун жээгиндеги кызыл сызыкка чыккан бак-дарактарды алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү, өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Ажибаев |