Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №18/17
Жан-Булак айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2024-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагына Достук айылында жайгашкан кичи футболдук аянтчаны ондоп түзөөдөн өткөрүү максатында Республикалык дем берүүчү гарнттка сунуштоо жана 30% өздүк салымын бөлүп берүү тууралуу Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын ХVIII кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 1 765 900 (бир миллион жети жүз алтымыш беш мин тогуз жүз) сомду түзгөн Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан кичи футболдук аянтчаны ондоп түзөөдүн өткөрүү боюнча долбоору бир добуштан жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 529 770 (беш жүз жыйырма тогуз мин жети жүз жетимиш ) сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетинен артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин.
3. Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиевге жана бөлүм башчы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Ормокеев |