Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 20-сессиясынын
2023-жылдын 16-марты № 20-14
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын №34-17 токтомуна өзөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын №34-17 токтомуна өзөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (АЧЖФ) жерлеринен 74,03 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин жана «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү» Жобонун 31-пунктуна негиз, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-13-беренелерине таянып, жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин ссесиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын №34-17 токтомуна өзөртүүлөр киргизилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (АЧЖФ) жерлеринен атуулдарга жеке менчик турак жай салуу үчүн инвентардык номердеги №136 контурунан (кайрак айдоо) 10,84 га,№4481 контурунан (кайрак айдоо) 15,47 га, №6623 контурунан (кайрак айдоо) 14,10 га, №6649 контурунан (кайрак айдоо) 13,40 га, №6625 контурунан (кайрак айдоо) 5.0 га, №6648 контурунан (кайрак айдоо) 4,88 га, №6627 контурунан (кайрак айдоо) 4.90 га, №6647 контурунан (кайрак айдоо) 3,47 га, №6537 контурунан (кайрак айдоо) 1.97 га, жалпысы болуп 74,03 га жер аянттарын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштар жерлери» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (АЧЖФ) жерлеринен атуулдарга жеке менчик турак жай салуу үчүн 74,03 га жер аянттарын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштар жерлери» категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү, өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А.Ажибаев |