Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-январы № 6
Аманбаев айылдык аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын 21-сессиясы, Аманбаев айыл өкмөтүнүн 2021-жылга, айылдык Кеңеште жооптуу катчы штаттык бирдиги ачылып жаткандыгын карап жана талкуулап чыгуу менен:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кеңеште жооптуу катчы штаттык бирдиги ачылып жаткандыгына байланыштуу айылдык Кеңештин аппарат раздели (бөлүмү) ачылсын.
2. Кыргыз Республикасынын төмөнкү бюджеттик классификациясынын негизинде киреше жана чыгаша иштери жүргүзүлсүн:
-Ведомстволук классификациясы 92110-жергиликтүү башкаруу органдары (Кеңештер) аппарат.
-Функционалдык классификациясы 70111-Аткаруу жана мыйзам чыгаруучу органдар.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн Каржы экономика бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кудайбергенов Н.О. милдеттендирилсин.
4.Токтомду аткарылышынын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Аманбаев айылдык аймактык кеңешинин төрагасы |
Нуралиев У.М. |