Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2023-жылдын 27-сентябры № 4

 

Папан айыл өкмөтүнүн Бөрү айылындагы эски ФАПтын курулуш  материалдарын аукциондун негизинде сатуу жөнүндө

 

Папан айылдык кеңеши Папан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 26-сентябрдагы чыгыш №01-19/218 сандуу катын карап жана талкуулап токтом кылат:

1. Папан айыл өкмөтүндөгү Бөрү айылындагы эски ФАПтын курулуш материалдарын айыл өкмөттүн бюджетин көтөрүү максатында мыйзам чегинде аукциондун негизинде сатууга айыл өкмөткө жүктөлсүн.

2 .Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу    комиссиясына жүктөлсүн.

           

Папан айылдык кеңешинин  төрагасы:  

 

Т.Тагаев