Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2023-жылдын 27-сентябры № 6

 

Андагул  участкасындагы  3 га  жерди иштеткен ишкер менен  келишим түзүү жөнүндө

 

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясында айыл  

өкмөттүн 23-сентябрь 2023-жылдагы чыгыш №01-19/221 сандуу катын карап,           

КРнын Айыл чарба Министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы жөнүндөгү жобого ылайык, КРдагы Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №347-токтомунун 1-главасынын 4-пунктун негиз кылып токтом кылат:

 

            1.Папан айыл өкмөтү коомчулуктун социалдык абалын эске алып, айыл       

          өкмөттөгү жумушзуздукту жоюу жана инфраструктураны жакшыртуу           

          айыл өкмөттүн бюджетин көтөрүү максатында, Андагул участкасындагы

          Ак-Буура дарыясынын боюндагы 3га жерди иштеткен жеке ишкер менен

          ишкерлигин кеңейтүүгө, мыйзам чегинде тиешелүү мекемелерден

          уруксат алуу менен бирге ишкерликти ар тараптуу өнүктүрүүсү үчүн  ишкер

          менен келишим түзүү айыл өкмөткө жүктөлсүн.

                                                                                                          

     2. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын камсыздоо айыл өкмөт башчысына

          милдеттендирилсин.

                   

      3.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу

           комиссиясына жүктөлсүн.

                     

         

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:       

 

       Т. Тагаев