Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры № 1-3
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын
орун басарларын шайлоо жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №4протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрайымынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын,Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы №3-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин жетекчиликке алуу менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп Курманалиев Талант Искендерович жана Албанова Дүйшөбүбү Аманакуновнажабык добуш менен шайлангандыгы таанылсын.
2. Ушул токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | У. Мелис уулу |