ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 7
Папан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бекитилген бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча акча каражатынын эсебинен чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Папан айыл өкмөтүнүн 2023- жыл ичинде болжолдуу аткарылышы боюнча жайыт комитетинин төрагасынын маалыматын угуп, бюджеттин киреше бөлүгүнүн бекитилген бюджетке кошумча 150,0 миң сом акча каражатын жана атайын каражат бөлүгүнө кошумча 1845,0 миң сом акча каржатынын эсебинен чыгаша бөлүктөрүн бекитүү маселеси айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, корутундусунун негизинде Папан айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Бюджеттин киреше бөлүгүнө жайыт жерлерин иштеткендиги үчүн төлөнүүчү салыкка 150,0 миң сом.Чыгаша бөлүгү 70429.Жайыт пайдалануучулар бирикмеси бөлүмүнө 150,0 миң сомго бекитилсин.
2. Кара-Гур айылындагы жаңы ачылган ЖЧК “Омега Уголь” көмүр кен ишканасы тарабынан берилген акчалай жардамды атайын каражаттын учурдагы жардам акыга 1500.0 миң сом: Кызыл-Туу айылындагы 60 орундуу жаңы бала бакчанын ачылгандыгы жана И.Мырзабекова бала бакчасына кошумча 75 балага 3 тайпа ачылып жаткандыгына байланыштуу ата-эне взносуна 345,0 миң сом кызмат көрсөтүү акысына бекитилсин. Ал эми бөлүгү атайын каражаттын 709111-Бала бакча бөлүмүнүн 2218-Тамак аш сатып алуу статьясына 345,0 миң сом, 70629-Турак жай бөлүмүнун 3111-Курулмалар статьясына 1500,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Тагаев |