Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2023-жылдын 27-сентябры № 10

   Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө

Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  XXII сессиясы токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Д.А.Кенекеевдин 2017-жылдын 16-ноябрындагы №11-4066 тапшырмасына жана республиканын аймагындагы расмий түрдө айыл статусу жок калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу, көчөлөргө ысым ыйгаруу жана турак үйлөрдү катар номер менен белгилөө жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Папан айыл өкмөтүндөгү Кожо-Келен айылындагы тескейге  өтүүчү 800метр экинчи көчөгө  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери  маркум Аттокуров Мамайдын ысымы берилсин.

2.  Кожо-Келен айылындагы Тескейге өтүүчү экинчи 800метр көчөгө аты коюулган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Аттокуров Мамайдын үй-бүлөө  мүчөлөрүнө ушул көчөлөрдүн ар кандай социалдык маселелер (жол тегиздөө, жарык орнотуу, көпүрөө, электр мамычаларын орнотуу ж.б) чечүүгө түздөн-түз катышуусу жана турак үйлөргө, объектилерге катар номерлерди илүү зарылчылыгы жеткирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:        

 

Т.Тагаев