Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры № 1-4
Өкүлчүлүктүү жыйындардын делегаттарын шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарынөткөрүү графигин, делегаттарынын санын, жумушчу топтун курамын бекитүү жана Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн өкүлчүлүктүү жыйын өтүүчү жайды аныктоо жөнүндө
2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ №271 Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кезектеги IIIЭлдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгына жана Уюштуруу комитети бекиткен календардык планга ылайык,II Элдик Курултайдын Улуттук Кенеши 2023-жылдын 16-декабрында кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобону жетекчиликке алып, ошондой эле айылдык кеңештин депутаттарынын пикирин, сунуштарын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 7-декабрында ишемби күнү Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны чакыртылсын жана Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин жыйындар залында саат 14.00 дө өткөрүлсүн;
2.Ат-Башы айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын делегаттарынын саны 150 адам деп бекитилсин, анын ичинде
- Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы – 40
- Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы – 40
- Ача-Кайынды айылы – 35
- Ак-Жар айылы - 35
3. Ат-Башы айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын делегаттарын шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
Өкүлчүлүктүү жыйындын уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жумушчу тобунун курамы бекитилсин:
Төрага | У. Мелис уулу |
Жумушчу топтун төрагасы:У. Мелис уулу – Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин төрагасы;
Жумушчу топтун катчысы: Н. Кемелова– Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин жооптуу катчысы;
Жумушчу топтун мүчөлөрү: С. Өмүралиев – Аксакалдар сотунун төрагасы;
В. Мамытбекова -Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаты;
Н. Бакенов - Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаты;
И. Абдыкеримов – Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаты;
К. Жапаров – Ат-Башы айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн кызматкери;
К. Казиева – Ат-Башы айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн кызматкери;
1. Өкүлчүлүктүү жыйындынделегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңештин депутаттарынын курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин жана жумушчу топ менен биргеликте иш жүргүзүшсүн;
2. Жыйын өтүүчү жайларды, материалдык-техникалык керектөөлөрдү камсыз кылуу, жыйындарды өткөрүүгө көмөктөшүү жагы айыл өкмөттүн башчысы Р. Докоевге жүктөлсүн;
3. Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүдө коомдук тартипти сактоо жагы Ат-Башы РИИБге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы
кезектегиI сессиясынын
№1-5 токтомуна 1-тиркеме
Ат-Башы айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын делегаттарды шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги
№ | Квартал | Өткөрүү күнү, жери | Өткөрүү жери | Сааты |
1 | Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы | 04.12.2024
| А. Керимбаев атындагы орто мектебинин жыйындар залында | 11.00 |
2 | Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы | 04.12.2024
| Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин жыйындар залында | 14.00 |
3 | Ача-Кайынды айылы | 05.12.2024 | Ача-Кайынды айыл өкмөтүнүн имаратынын жыйындар залында | 11.00 |
4 | Ак-Жар айылы | 05.12.2024 | Ак-Жар Маданият үйүнүн имаратынын жыйындар залында | 14.00 |
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы
кезектеги I сессиясынын
№1-5 токтомуна 2-тиркеме
Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын шайлоо боюнча жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси
№ | Квартал | Жооптуу депутаттар
|
1 | Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы | Алымбекова Акылай Ишеналиевна Жумаев Бекжан Урматович Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовна Шаякматов Ниязбек Дүйшөнбекович Энтериева Айнагүл Тезекбаевна Бакенов Нургазы Женишбекович Мелисов Илгиз Мелисович Шайлообек кызы Бактыгүл
|
2 | Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы | Бобушова Элнура Тентиевна Мамыралиев Максат Бердибекович Муратова Жасмина Муратовна Омокоев Бактыбек Дүйшөбаевич Аскербек кызы Саламат Замирбеков Толубай Замирбекович Сейитказиева Майрамкүл Адылбековна Толубаев Эрмек Толубаевич Тыналиева Сагынбүбү Күмөндөровна
|
3 | Ача-Кайынды айылы | Абыталыпов Жапар Жакыбалиевич Албанова Дүйшөбүбү Аманакуновна Надырбекова Самара Токтоналиевна Жумалы уулу Максатбек Муханбет уулу Анарбек Сасанова Эльмира Карагуловна
|
4 | Ак-Жар айылы | Имашов Бексултан Кубанычбекович Имашов Нурсултан Кубанычбекович Курманалиев Талант Искендерович Пазылахунова Саида Калимжановна Соромбаева Нурзада Бейшеналиевна
|