Редакцияот 20.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы

 

2023-жылдын 20-ноябры № 14

Папан айыл өкмөтүндөгү Ак-Буура 3 участкасындагы №1299 контурундагы 192 чарчы метр жер, Бөрү участкасындагы № 540 контурдагы 0,15 га жер тилкеси, Камыр-Суу  участкасындагы №619 контурдагы 27,9 га же  жөнүндө

Папан айылдык кеңеши Папан айыл өкмөтүнүн 15-ноябрь 2022-жылдагы чыгыш №02-16/603 катынын негизинде чыгарган Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезексиз XVII сессиясынын  №V токтому Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 3-беренесинин 1-бөлүгүнүнө ылайык жана Жер Кодексинин 18-беренесинде көрсөтүлгөндөй, жер мамилелерин жөнгө салуу жергиликтүү кеңештердин компентенциясына кирбегендиктен Папан айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Папан айыл өкмөтүндөгү Ак-Буура 3 участкасындагы №1299-контурдагы192чарчы метр жер.  Бөрү участкасындагы №540 контурдагы 0,15 га жер тилкеси, Камыр-Суу участкасындагы №619 контурдагы 27,9 га жер машина короосуна чыгарылган VII чакырылыштын кезексиз XVII сессиясынын №Vтоктому жокко чыгарылсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Папан айылдык кеңешинин жер жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:   

 

                                              Т.Тагаев