КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги он жетинчи сессиясынын
2023-жылдын 25-январы № 17-13
Стоматология кабинетин ачууга макулдук берүү тууралуу
Куу-Майдан айылындагы ТОСко деп салынган кабинетке мектеп окуучуларын, бала бакчанын тарбиялануучуларын жана айыл тургундарын тиштерин дарылоо жана кароо үчүн стоматологиялык кабинет кылууга макулдук берүү тууралуу маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Куу-Майдан айылындагы ТОСко деп салынган кабинетке мектеп окуучуларын, бала бакчанын тарбиялануучуларын жана айыл тургундарын тиштерин дарылоо жана кароо үчүн стоматологиялык кабинет кылууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абдырахманов О.С. |