АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын 6-сессиясы
2021-жылдын 19-ноябры № 12
Аманбаев айылдык Кеңеши, Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн башчысы сунуштап жаткан “Дем берүүчү” гранттын эсебинен, Ак-Жар айылына жабык күрѳш залын курууга жер бѳлүкчѳсүн бѳлүп берүү демилгесин угуп, карап жана талкуулап, Аманбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тургумбек Бекболотов атындагы кѳчѳсүнүн күн батыш тарабында жайгашкан мини футбол аянтчасынын түштүк тарабынан, айыл ѳкмѳтүнүн соц, объектилерине тиешелүү бош жаткан участогунан, аянты 0,15 га жер бѳлүкчѳсү Ак-Жар айылында жабык күрѳш залын куруу үчүн бѳлүнүп берилсин.
2. Күрѳш зал курууга бѳлүнүп берилген жер аянтына Кара-Буура райондук шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан күрѳш залын курууга Иш проектисин жана АТЗ жасап берүү жагы суралсын.
2. Долбоордун талабы боюнча тиешелүү болгон иш- кагаздары өз убагында даярдоо айыл өкмөт жетекчилигине тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Аманбаев айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Нуралиев У.М. |