Редакцияот 19.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аманбаев айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын 6-сессиясы

 

2021-жылдын 19-ноябры № 14

 

Аманбаев айылдык Кеңеши, Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн башчысы сунуштап жаткан Карабуура райондук Ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлүмүнүн №91 ѳрткѳ каршы бѳлүгүнүн, Аманбаев айыл аймагына ѳрткѳ каршы бѳлүмчѳсүн ачуу боюнча демилгесин угуп,  карап жана талкуулап, Аманбаев айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Аманбаев айылына Ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлүмүнүн ѳрт ѳчүрүү бѳлүмчѳсү ачылсын..

2. Аманбаев айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Аманбаев айылынын Бабанов №36 дарегиндеги муниципиалдык менчик жер тилкесинен жер участогу бѳлүнүп берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.Мураталиевага тапшырылсын.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Аманбаев айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

Нуралиев У.М.