КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги он сегизинчи сессиясынын
2023-жылдын 17-марты № 18-1
Калкты таза жана сугат суу менен камсыздоо боюнча «Кеңеш-Өнүгүү” муниципалдык ишканасынын жана СПАнын жүрүгүзүп жаткан иштеринин абалы жана «Кеңеш-Өнүгүү” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга бюджетин жана тарифин бекитүү тууралуу
Калкты таза жана сугат суу менен камсыздоо боюнча Кеңеш-Өнүгүү муниципалдык ишканасынын жана СПАнын жетекчиси А.Мамажунусованын жүрүгүзүп жаткан иштеринин абалы жана «Кеңеш-Өнүгүү” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга бюджетин жана тарифин бекитүү тууралуу айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1- жана 11-жана 14-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калкты таза жана сугат суу менен камсыздоо боюнча Кеңеш-Өнүгүү муниципалдык ишканасынын жана СПАнын жетекчиси А.Мамажунусованын жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчету толук болбогондугуна байланыштуу кайрадан каралсын.
2. Сугат суунун тарифи 10 сом боюнча калтырылсын.
3. «Кеңеш-Өнүгүү” муниципалдык ишканасынын ишин карап, жыйынтыгын берүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С. |