Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) он экинчи сессиясы
2022-жылдын 16- сентябры № 12-7
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Ата айылынын тургуну Марипов Асамидин Мариповичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Ата айылынын тургуну, көп жылдардан бери Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси, кызматында үзүрлүү эмгектенген, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошкон Марипов Асамидин Мариповичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Көтөрмө айылынын тургуну Марипов Асамидин Мариповичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Ата айылынын тургуну Марипов Асамидин Мариповичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Женишбай уулу Э