Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-марты № 18-2
Жыл башында бекитилген тарификациянын негизинде жетишпей калган айлык акы үчүн акча каражатын бекитип берүү тууралуу
Жыл башында бекитилген тарификациянын негизинде жетишпей калган айлык акы үчүн акча каражатын бекитип берүү тууралуу ФЭБнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 8-главанын 44-беренесинин 4-пунктуна жана 16-главасынын 78-беренесинин 2,3-пункттарына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2023-жылдын 1-январына карата түзүлгөн Жыл башында тарификацияда Сапар уулу Бакытбектин айлык акы фонду кирбей калгандыктан, ага эсептелген сумма айлык акы үчүн 346,3 миң сом, соц.фонд чегерүүгө 40,5 миң сом акча каражаты бекитилип берилсин.
2. Бекитилген акча каражатын каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С. |