Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) он төртүнчү сессиясы
2022-жылдын 3- декабры № 14-1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылдын иш планынын тогуз ай ичинде аткарылган иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылдын иш планынын тогуз ай ичинде аткарылган иштери жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктына таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылдын иш планынын тогуз ай ичинде аткарылган иштери “жакшы” деп белгиленсин (тиркелет).
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планында көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин мыйзамдуулук, уку, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай уулу Э |