Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2024-жылынын 19-апрели №2
«Аксы райондук статистика бѳлүмү менен Сары-Челек айыл ѳкмѳтүнүн ортосундагы эмгек келишимин бекитүү жѳнүндѳ».
Сары-Челек айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Айткуловдун 19.04.2024-жылдагы №01-03/25 сандагы сунушуна негиз жана «Укук жана мыйзам этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык,статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жѳнүндѳгү эки тараптуу келишимди угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Статистикалык маалыматтарды жыйноо болюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жѳнүндѳгү Аксы райондук статистика бѳлүмү менен Сары-Челек айыл ѳкмѳтүнүн ортосундагы эки тараптуу келишим 2024-жылдын 31-декабрына чейин бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин «Укук,мыйзам жана этика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (тѳрагасы Б.Нурматов) жүктѳлсүн.
3.Токтом жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага: | Б.Төрөбеков |