КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги он сегизинчи сессиясынын
2023-жылдын 17-марты № 18-3
Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2023-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу
2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2023-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу ФЭБнүн башчысынын жана «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 8-главанын 44-беренесинин 4-пунктуна жана 16-главасынын 78-беренесинин 2,3-пункттарына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан 3977,6 миң сом акча калдыгын 2023-жылга карата №1-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлүп бекитилсин.
2. Социалдык жактан колдоого муктаж турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөрдү жана “2021-2025-жылдарга чейин улгайган адамдарды колдоо” иш чарасына карата жалгыз бой, турмуш шарты оор атуулдардын арыздары канаттандырылып,30,0 миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Бөлүнгөн акчаны каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С. |
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги
18-сессиясынын № 18-3-токтомуна №1- тиркеме
Айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине 2022-жылдан калган калдыктын бөлүнүшү.
к№ | Аталыштары | бөлүм | берене | сумма |
| Жыл башында калган бюджеттик калдык |
|
| 3804948 |
|
|
|
|
|
1 | Оргтехникалардын ремонту үчүн | 70111 | 2215 | 41000 |
2 | Видеокөзөмөлгө | 70491 | 3112 | 61500 |
3 | Компьютерге жабдууларды алууга | 70862 | 3112 | 48200 |
4 | Арбын айылына ички арыктарды тазалоого | 70491 | 2221 | 15000 |
5 | Архивдик кабинеткесигнализация коюууга | 70111 | 2221 | 47100 |
6 | Концтоваралууга | 70111 | 2222 | 31140 |
7 | Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин ашканасынын ремонт иштерине | 70921 | 2221 | 78690 |
8 | Мектептерге оргтехникаларды орноштуруу үчүн | 70921 | 2221 | 76450 |
9 | Гүл, Шаңкол, Жеткинчек-Кеңеш балдар бакчаларына инвентарь алуу үчүн | 70911 | 3112 | 91020 |
10 | Ак-чабуу кичи футболдук аянтчасын курууга | 70911 | 3111 | 117600 |
11 | Айыл аймагындагы оорукананын алдына ашкана курууга | 70491 | 3111 | 489137 |
12 | Айлык акы теңдөөчү гранттын жетишпестиги үчүн | 70111 | 2111 | 346300 |
13 | Айлык акы теңдөөчү гранттын жетишпестиги үчүн соц.ф | 70111 | 2121 | 40500 |
14 | Арбын айылынын спорт залына | 70862 | 3111 | 800000 |
15 | Ноокат-Папан жолунун Көк-Бел аймагына шлагбаум курууга | 71092 | 2721 | 80000 |
16 | Дары-Суу орто мектебинин интерактивдик доскалары үчүн | 70921 | 3112 | 273600 |
17 | Инвестициялык долбоорго | 70491 | 2215 | 150000 |
18 | Коомдук профилактикалык борборго (МУУ) | 70823 | 2221 | 45000 |
19 | Калыева Алма көчөсүнө аялдама курууга | 70629 | 2221 | 82060 |
20 | Аппаратка инвентарь алууга | 70111 | 2222 | 15000 |
21 | Аялдар кеңешинин кабинетин ремонтоого | 70823 | 2221 | 30000 |
22 | Аялдар кеңешинин иш-чарасына | 70825 | 2215 | 20000 |
23 | Н.Исановдун 80 жылдык юбилейине | 70825 | 2215 | 60000 |
24 | Айыл аймагына кириш арканы реконструкциялоого | 70629 | 2221 | 50000 |
25 | Маданий борборго | 70821 | 2221 | 17000 |
26 | Ак-теректеги тууну жаңылоого | 70491 | 3112 | 50000 |
27 | Ак-терек айылындагы флагштоктун айланасын тосууга | 70491 | 2221 | 25750 |
28 | №9 ҮБДТнун ажатканасын башка жакка жылдырууга | 70491 | 2221 | 11000 |
29 | Маданий массалык иш чараларга | 70825 | 2215 | 31300 |
30 | Аксакалдар сотунун ишмердуулугу учун | 70111 | 2215 | 20000 |
31 | Айыл аймагына э/мамаычаларды алууга | 70629 | 3111 | 100000 |
| Дары-Булак айылына |
|
|
|
32 | Рахманбердиева Апизага соц.жардам | 71092 | 2721 | 5000 |
33 | Артылма участкасындагы жаңы көчөлөргө кум-шагал | 70629 | 2221 | 40000 |
| Шаңкол айылы боюнча |
|
|
|
34 | Жаш күч спорт клубунун жылытуу системасына | 70921 | 2221 | 119900 |
| Арбын айылы боюнча |
|
|
|
35 | Арбын орто мектебинин спорттук ийриминин ремонтуна | 70921 | 2221 | 90000 |
36 | Арбын ФАПтын ажатканасын ремонттоо үчүн | 70491 | 2221 | 40000 |
| Ак-терек айылы боюнча |
|
|
|
37 | Полотова Чолпонайга соц.жардам | 71092 | 2721 | 5000 |
| Байыш-Чегеден айылдары боюнча |
|
|
|
38 | Ак-чабуу орто мектебинин отканасынын ремонтуна | 70921 | 2221 | 30000 |
39 | Жүктү көчөсүндөгү селкананы кеңейтүүгө | 70491 | 2221 | 22000 |
| Куу-Майдан айылы боюнча |
|
|
|
40 | Айыл ичиндеги көчөлөргөэлектр мамычасын алууга | 70629 | 3111 | 88700 |
41 | Мамашева Гүлнарага соц.жардам | 71092 | 2721 | 20000 |
| бардыгы бюджет боюнча |
|
| 3804947 |
| атайын каражаттар |
|
| 172693 |
| Жалпы бюджет |
|
| 3977640 |
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Абдырахманов О.С. |
Бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы |
|
Кубанычбек уулу М |