Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 2-декабры № 190
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
179-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"179-берене. Балдардын ата-энесин багуудан качуусу
1. Жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуу үчүн каражаттарды соттун чечиминин негизинде төлөөдөн качуусу, карыздын суммасы 12 айдан ашпаган мезгилде түзүлгөн учурда, -
200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.
2. Жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуу үчүн каражаттарды соттун чечиминин негизинде төлөөдөн качуусу, карыздын суммасы 12 айдан ашкан мезгилде түзүлгөн учурда, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга милдеттүү адамдын өз эмгек акысын жана ага теңештирилген кирешелеринин өлчөмүн жашыруусу, төмөндөтүүсү, ошого тете соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тартуусу, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тартуу деп эмгек, ишке орноштуруу жана социалдык жактан коргоо боюнча органдарга ишке орношуу үчүн келүүдөн, медициналык кароодон өтүүдөн, ишке орношуу үчүн зарыл болгон документтерди алуудан баш тартуу, ошондой эле ишке орноштуруу жөнүндө соттун чечимин аткарбоого алып келген башка иш-аракеттер (аракетсиздик) түшүнүлөт.
Эгерде ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга каражаттарды төлөө боюнча карызын толук көлөмдө жойсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
204-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелердин алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылуу боюнча кызыкчылыктарын көрсөтүүгө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишеним каттары.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
92-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик социалдык жактан тейлөө органы каржылык жардамга муктаж болгон, мамлекеттик камсыздоодо турган жана өзүн-өзү камсыздоодо калган ата-энелерге жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдарынан алимент өндүрүү жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 06-декабрындагы № 94 (3649) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |