Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) он төртүнчү сессиясы
2022-жылдын 3- декабры № 14-8
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы 16 жашка толгон тоголок жетим балдарга жер трансформацияланып келген учурда жер участогу кезексиз берүү тууралуу
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагындагы 16 жашка толгон тоголок жетим балдарга жер трансформацияланып келген учурда жер участогу кезексиз берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисинин билдирүүсүн айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, КРнын конституциясынын 16-беренесинин 5-пункту, 36-беренесинин 4-пункту, турак-жай кодексинин 44-беренесинин 1-бөлүмүндө “Жетим балдар, ата-энесинин көзөмөлүүсүз калган балдар мекемелеринде, балдар үйүндө болуусу аяктагандан кийин турак-жай менен биринчи кезектеги тартипте камсыз кылынары”, Балдар жөнүндө кодексинин 13-беренесинин талаптарына ылайык турак-жайы жок жетим балдарга 16 жашка чыкканда мыйзамда белгиленген тартипте турак-жай аянтын кезексиз алуу укугунан пайдаланат деп белгиленгендигин эске алып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы 16 жашка толгон тоголок жетим балдарга жер трансформацияланып келген учурда жер участогу кезексиз берилсин.
2. Жер алууга керектүү документтерин даярдоо жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай уулу Э |