Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги он сегизинчи сессиясынын

 

 

2023-жылдын 17-марты № 18-4

             

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылуусуна баа берүү жана көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн Биргелешкен Мониторинг жана Баалоо комиссиясын түзүү жөнүндө

 

Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн артыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылуусуна баа берүү жана көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн Биргелешкен Мониторинг жана Баалоо комиссиясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

1. Шадыбекова А.П.-айылдык кеңештин жооптуу катчысы, топтун жетекчиси.

2. Маматмуса уулу К-айылдык кеңештин депутаты, топтун мүчөсү.

3. Кубанычбек уулу М-айылдык кеңештин депутаты, топтун мүчөсү.

4. Кадырова Т--айылдык кеңештин депутаты, топтун мүчөсү.

5. Осмонов К-аксакалдар сотунун төрагасы, топтун мүчөсү.

6. Ысакова Г-соц.кызматкер, топтун мүчөсү.

7. Пирманов М-айыл тургуну, топтун мүчөсү.

8. Аширматов А- айыл тургуну, топтун мүчөсү.

9. Мадраимов З-Куу-Майдан айылынын айыл башчысы, топтун мүчөсү.

10. Сапар уулу Б-Чегеден-Байыш айылынын айыл башчысы, топтун мүчөсү.

11. Мамажунусов А-Шаңкол айылынын айыл башчысы, топтун мүчөсү.

2. Биргелешкен Мониторинг жана Баалоо жүргүзүү жөнүндө типтүү жобо кабыл алынсын.

3. Жогорудагы түзүлгөн БМжБ тобу типтүү жобого ылайык айыл аймак чегинде аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүп, баа берүү жагы тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка тапшырылсын.

 

   

      Кеңеш айылдык

      кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.