Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги он сегизинчи сессиясынын

 

 

2023-жылдын 17-марты № 18-5

               

Кеңеш айыл аймагындагы мектеп, бала бакчаларындагы куурап калган жана имараттарга тийүүчү күн нурун тосуп калган бак дарактарды алып салууга макулдук берүү тууралуу

 

Кеңеш айыл аймагындагы мектептердеги, бала бакчаларындагы куурап калган жана имараттарга тийүүчү күн нурун тосуп калган бак дарактарды алып салууга макулдук берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн суранычын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кеңеш айыл аймагындагы мектептердеги, бала бакчаларындагы куурап калган жана имараттарга тийүүчү күн нурун тосуп калган бак дарактарды тиешелүү органдардын уруксаты менен алып салууга макулдук берилсин.

2. Мыйзамдын чегинде иш алып баруу жагы ар бир мекеменин жетекчилерине жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш,таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

 

      Кеңеш айылдык

      кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.