Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 21-августу №1
« «Сары-Челек айыл ѳкмөтүнүн 2024-жылдын киреше жана чыгаша бөлүктѳрүнѳ ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жөнүндө»».
Сары-Челек айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сары-Челек айыл ѳкмөтүнүн 2024-жылдын бекитилген бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳн
унѳмдѳлгѳн тѳмѳндѳгү элементтеринен,
- АТРге байланыштуу кыскартылган штат бирдиктеринин эмгек акы жана соц фондусунан –
2 300 000,0 (эки миллион үч жүз миң) сом
- Бала бакчалардын тамак ашынан үнѳмдѳлгѳн каражат – 127 600,0 (бир жүз жыйырма жети миӊ алты жуз) сом
- Мамлекеттик сатып алуулардан үнѳмдѳлгѳн – 136 100,0 (бир жүз отуз алты миң бир жүз) сом
Жалпысы: 2 563 700,0 (эки миллион беш жуз алтымыш уч мин жети жуз) сом чыгаша бѳлүгүнѳ кошумча кайрадан айыл ѳкмѳтүнүн приаритеттүү кѳйгѳйлѳрүн чечүүгѳ бѳлүштүрүлсүн.
2. Кошумча киреше кошулуп тѳмѳндѳгүдѳй тартипте бѳлүштүрүлсүн.
1 | Резерв фонд | 50 000,00 |
2 | Маданий иш чараларга | 523 400,0 |
3 | Бюджеттик мекемелерге кѳмүр | 1 185 000,0 |
4 | Союз МСУ мүчѳлүк акы | 45 000,00 |
5 | Документтерди даярдоо үчүн | 200 000,0 |
6 | Ɵзгѳчѳ кырдаалдарга | 301 500,0 |
7 | Соц.обьектилерди кышка карата эл.лабораториядан ѳткѳрүү | 100 000,0 |
8 | Айыл ѳкмѳтүнѳ веб сайт үчүн | 30 000,0 |
9 | Инфоком Е-кызматына | 10 100,0 |
10 | Кызматтык автоунаага бензин | 61 200,0 |
11 | Статистика бѳлүмүнѳ маалымат даярдоо үчүн | 7 500,0 |
12 | Бала бакчаларга кышка карата көмур сатып алуу | 50 000,0 |
| Жалпы суммасы: | 2563700,0 |
Жалпысы: 2 563 700,0 (эки миллион беш жуз алтымыш уч мин жети жуз) сом.
3. 70629 – Турак жай коммуналдык чарбанын (ЖКХ) 2214 элементинен 50 000,0 (элүү миң) сом кыскартылып, 70111 – Башкаруу аппаратынын 2214 элементине кошумча жылдырылсын.
4. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы
социалдык-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин «Бюджет жана каржы» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Токтом Sary-chelek.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Сары-Челек айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Б.Төрөбеков |