Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги он сегизинчи сессиясынын

 

 

2023-жылдын 17-марты № 18-8

               

Айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш-планын бекитүү

 

Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын экинчи, үчүнчү, төртүнчү кварталдары үчүн түзүлгөн иш-планын талкуулап, Айылдык кеңештин Регламентинин 2-бөлүмүнүн 2.2-пунктунун 2-пунктчасына, 3-бөлүмүндөгү айылдык кеңештин ишинин жалпы тартибине ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын экинчи, үчүнчү, төртүнчү кварталдары үчүн кабыл алган иш-пландары өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кошо кабыл алынып, бекитилсин.(иш-план тиркелет)

2. Иш-планда кабыл алынган маселелер тиешелүү жооптуу адамдар тарабынан өз убагында аткарууга алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын 

 

 

      Кеңеш айылдык

      кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.

 

 

 

 

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги

18-сессиясынын № 18-8-токтомуна тиркеме.

 

 

Кеңеш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 2-3-4 –квартал үчүн иш планы

 

 

№

Аткарылуучу иштердин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Ким аткарат

Эск

1

Кеңеш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 2-3-4-кварталдарына иш планын бекитүү

Март 2023-жыл

Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы

Абдырахманов О.С

 

2

“Кеңеш-өнүгүү” муниципалдык ишканасынын 2022- жылдагы иштердин аткарылышы боюнча отчётун угуу жана 2023-жылга карата иш жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө

апрель 2023-жыл

“Кеңеш-өнүгүү” муниципалдык ишканасын кызматкерлери

 

3

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын алты айында аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө

Июль 2023-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысы

Асаналиев П.Ж. туруктуу комиссия

 

4

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин алты ай ичинде аткарылышы жөнүндө

Июль 2023-жыл

Кеңеш айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Мадраимов А

 

5

Кеңеш айыл аймагындагы мектептердин 2023-2024-окуу жылына карата даярдыгы, ремонту жана кышка карата даярдыгынын абалы жөнүндө

Август 2023-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

Исаев Ж.К. туруктуу комиссиясы

 

6

Айыл аймагындагы элдин малдарынын эпизоотиялык абалы тууралуу вет адистин маалыматын угуу

август 2023-жыл

Вет адис, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы

 

7

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын тогуз айында аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө

Октябрь 2023-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысы Асаналиев П.Ж

 

8

Айыл башчылардын аткарган иштеринин отчетун угуу.

Октябрь 2023-жыл

Айыл башчылар туруктуу комиссиялар

 

 

Айылдык кеңешинин практикалык иш-чаралары

1

Шайлоочулар менен иш алып баруу, наказдарын алуу анын үстүндө иш алып баруу.

 

Айылдык кеңештин депутаттары

 

2

Айыл кеңешинин алдында түзүлгөн коомдук уюмдардын иштерине усулдук практикалык жардам көрсөтүү

Квартал сайын

Айыл кеңешинин туруктуу комиссиясы, жооптуу катчысы

 

3

Туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүүгө көмөктөшүү

Дайыма

Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери

 

4

Депутаттардын отчётторун угуп туруу

Ар алты айда

Айыл кеңешинин депутаттары

 

5

 Жогорку органдардан келген документтердин аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу

Убагында

Айыл кеңешинин төрагасы Абдырахманов О

катчысы Шадыбекова А.П.

 

 

 

 

Жооптуу катчы

Шадыбекова А.П.