КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз он тогузунчу сессиясынын
2023-жылдын 28-апрели № 19-1
Кеңеш-Өнүгүү муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн кароо тууралуу
Кеңеш-Өнүгүү муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн кароо тууралуу маселени угуп жана талкуулап угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 17-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Кеңеш-Өнүгүү” муниципалдык ишканасы өз ишин толук кандуу аткара албагандыгына байланыштуу иши канаттандырарлык эмес деп белгиленсин.
2. «Кеңеш-Өнүгүү” муниципалдык ишканасы өз ишин толук кандуу аткара албагандыгына байланыштуу анын жетекчисин алмаштыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
3. «Кеңеш-Өнүгүү” муниципалдык ишканасы «Кеңеш» муниципалдык ишканасы болуп атын өзгөртүлүп кайрадан каттоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.
4. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С. |