Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 9-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры №91
Александровка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 05-февралындагы
“Касапкана куруу үчүн 1,20га жер тилкесин которууга (трансформациялоо)
макулдук берүү жөнүндө” №124 токтомун күчүн жоготкон деп табуу жөнүндө
Айылдык кеңештин агрардык жер маселелери, сугат суу, жайыт жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.А.Анисимовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” №241 Мыйзамынын 17-беренесине, айылдык кеңештин агрардык жер маселелери, сугат суу, жайыт жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 6-сентябрындагы протоколуна ылайык, айылдык кенештин сессиясы
Токтом кылат :
1. Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши 2024-жылдын 9-сентябрында “Касапкана куруу үчүн 0,50га жер тилкесин которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө” №84 токтомун кабыл алгандыгына байланыштуу Александровка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 05-февралындагы “Касапкана куруу үчүн 1,20га жер тилкесин которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө” №124 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы З.С.Байгазиевага жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Саркулов |