КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз он тогузунчу сессиясынын
2023-жылдын 28-апрели № 19-4
Көп жылдык бак-дарактар эгилген бактардын ижара акысын белгилеп берүү тууралуу
Кеңеш айыл аймагындагы өздөштүрүүгө алынган көп жылдык бак-дарактар эгилген бактардын буга чейин түзүлгөн келишимдериндеги 1 га көп жылдык бак-дарактар эгилген жер аянттарынын ижара акысы бир жылга 2500 сом болуп белгиленген. Азыркы күндө инфиляциялык жоготууларды эске алуу менен 1 га бактын бир жылдык ижара акысын белгилеп берүүнү суранган кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл аймагындагы өздөштүрүүгө алынган көп жылдык бак-дарактар эгилген бактардын 1 гектарынын бир жылдык ижара акысы инфиляциялык жоготууларды эске алуу менен 20 пайызга көтөрүлсүн.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С. |