Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз он тогузунчу сессиясынын

 

 

2023-жылдын 28-апрели № 19-5

        

Жаңы-Арбын жаңы конушундагы бош жаткан кыйтык жерлерди муниципалдык менчикке алуу тууралуу

 

Кеңеш айыл аймагындагы Арбын айылына караштуу Жаңы-Арбын калктуу конушундагы кыйтык болгон социалдык объектилерди куруу үчүн атайын калтырылган жерлерди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга уруксат берүүнү суранган катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун  5-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кеңеш айыл аймагындагы Арбын айылына караштуу Жаңы-Арбын калктуу конушундагы кыйтык болгон социалдык объектилерди куруу үчүн атайын калтырылган жерлерди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.

2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

 

      Кеңеш айылдык

      кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.