Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз он тогузунчу сессиясынын

 

 

2023-жылдын 28-апрели № 19-6

        

Айыл чарба департаменти тарабынан 2023-жылдын 01-октябрына чейин айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлгөн жерлердин ижара  акысын белгилеп берүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы АЧЖМФнун жерлеринин 50 пайызын айыл чарба министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндөгү № 494-токтомунун негизинде АЧЖМФнун жерлеринин 50 пайызы айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген. Азыркы күндө айыл чарба департаменти тарабынан конкурстан утулбай калган жерлерди 2023-жылдын 01-октябрына чейин айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилген жерлердин ижара акысын белгилеп берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн суранган катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Айыл чарба департаменти тарабынан 2023-жылдын 01-октябрына чейин айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлгөн жерлердин ижара акысы мурунку төлөп жүргөн ижара акысына 20 пайыз кошулуп төлөнсүн деп белгиленсин.

2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

 

      Кеңеш айылдык

      кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.