Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин 9-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 9-сентябры №92
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-июнундагы
“Миң-Булак айыл аймагында таштандыларды чыгаруу үчүн тариф бекитүү
жөнүндө” №36 токтомуна жана 2024-жылдын 21-июнундагы
“Ичүүчү сууну пайдалануу үчүн тариф бекитүү жөнүндө”
№43 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаты А.П. Панпанзанын “Ичүүчү таза сууну пайдаланууга жана катуу таштандыларды чогултууга үчүн төлөмдөрүнөн бошотуу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат :
1. Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-июнундагы “Миң-Булак айыл аймагында таштандыларды чыгаруу үчүн тариф бекитүү жөнүндө” №36 токтомуна төмөнкүчө толуктоо киргизилсин:
- Пункт 1 пунктча “1.1” төмөнкүдөй мазмуну менен толукталсын:
“1.1 Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн төлөмдөн 100% бошотулсун:
- Александровка айылынын көчө башчылары;
- жалгыз бой жашаган кары адамдар;
- үй-бүлөлүк соцпаспорту бар биринчи группадагы майыптар;
- үй-бүлөлүк соцпаспорту бар көп балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөр.”
2. Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-июнундагы “Ичүүчү сууну пайдалануу үчүн тариф бекитүү жөнүндө” №43 токтомуна төмөнкүчө толуктоо киргизилсин:
- Пункт 1 пунктча “1.1” төмөнкүдөй мазмунун менен толукталсын:
“1.1 Ичүүчү таза сууну пайдалануу төлөмүнөн 100% бошотулсун:
- Александровка айылынын көчө башчылары;
- жалгыз бой жашаган кары адамдар;
- үй-бүлөлүк соцпаспорту бар биринчи группадагы майыптар;
- үй-бүлөлүк соцпаспорту бар көп балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөр.”
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы З.С.Байгазиевага жүктөлсүн.
Төрага | Саркулов Б.К. |