Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2024-жылдын 30-июлу №12/3
Айыл-чарба багытындагы жер салыгына мораторий жарыялангандыктан, республикалык бюджеттен айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн 278 500 миң сом акча каражатын беренеге бөлүү жөнүндө.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айыл-чарба багытындагы жер салыгына мароторий жарыялангандыктан, республикалык бюджеттен айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн 278 500 мин сом акча каражатын беренеге бөлүү боюнча, Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Социалдык Экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Туголбековдун билдирүүсүн угуп, айылдык кеңештин бюджет комитетинин сунушун талкуулап, Куйручук-Кызарт айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Айыл-чарба багытындагы жер салыгына мароторий жарыялангандыктан республикалык бюджеттен айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн 278 500 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй беренеге бөлүнсүн:
АУП:
2215 беренеси боюнча – ар кандай чыгымдар учун- 278500 сом
Жалпы: 278500 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Акматалиева |