Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2024-жылдын 30-июлу №12/5
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы бала бакчалардын бюджетиндеги спец счетко кошумча план суроо жөнүндө
Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Кызарт”, “Кызарт келечеги” “Кызарт Таң-нуру”,”Балалык уясы”, “Ак-Жолтой Апа” бала бакчаларынын бюджетиндеги спец счетко кошумча план суроо максатында, Кызарт бириктирилген айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Жалпы бала бакчаларга жыл башында 821,0 миң сомго план бекитилген. Азык-түлүккө болгон баанын жогорулаганынын негизинде, жана бала бакчалардагы ата-энелерден ар бир бала үчүн төгүлө турган акча каражатынын көбөйтүлгөнү тууралу протоколдорду карап, 1 324,8 миң сом акча каражаты кошумча план болуп суралсын. Жалпы такталган план 2145,8 миң сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Акматалиева |