Загрузка документа…
.
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2024-жылдын 30-июлу №12/8
Муниципалдык менчикти ижарага берүү жана пайдалануу жѳнүндѳ
Муниуипалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында “Муниципалдык менчик жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, Куйручук-Кызарт айылдык кеңешинин 30.07.2024-жылдагы №12/7 токтом менен бекитилген “Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жѳнүндѳ” жобонун 8-главасына ылайык, Куйручук-Кызарт айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, айыл ѳкмѳтүн башчысы К.Э.Жусупов ушул ьтоктомдун тиркемесине ылайык, муниципалдык мүлктү Бизнес ѳнѳктѳш Аалиев Адил Бекчороевичке (ID3288775 23.03.2023 МКК 215031) экономикалык ири долбоорун ишке ашыруу үчүн ижарага берсин;
2. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусупов белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жѳнүндѳ Келишим түзүлсүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде ѳткѳрүп берсин;
3. Бизнес ѳнѳктѳш Аалиев Адил Бекчороевичке:
- Ѳткѳрүп берүү-кабыл алуу актында кѳрсѳтүлгѳндѳрдү белгиленген тартипте ижарага кабыл алысын;
- Ижарага алынган мүлктү максаттуу пайдаланылышы камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинде кабыл алуу-ѳткѳрүп берүү актында кѳрсѳтүлгѳн кыймылдуу мүлктү ижарага алуу келишимин белгиленген тартипте каттоодон ѳткѳрсүн;
-
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Куйручук-Кызарт айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго тапшырылсын.
Төрага | М. Акматалиева |