Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 10-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры №1/5
Кызыл-Туу айылындагы «Сезимтал» бала бакчасынын балдар
ойноочу аянтчасына жабдыктарды алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Казыбек айыл аймагынын башчысы Т.Стамакуновдун Кызыл-Туу айылындагы «Сезимтал» бала бакчасынын ойноочу аянтчасына жабдыктарды алуу боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1 .Кызыл-Туу айылындагы «Сезимтал» бала бакчасынын алдына балдар ойноочу аянтчасына жабдыктарды алуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кызыл-Туу айылындагы «Сезимтал» бала бакчасынын алдына балдар ойноочу жабдыктарды алуу жөнүндө Ат-Башы райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоордун өздүк салымынын 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты Казыбек айыл өкмөтүнүн келээрки 2025 -жылдын бюджетинен каралып, которулуп берилсин .
3 .Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго жана СЭӨБ башчысы Т.Исаковго тапшырылсын.
Төрага | Э. Султаналиев |