Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 10-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры №1/7
Казыбек айылындагы муниципалдык гаражды капиталдык
ремонттон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Казыбек айыл аймагынын башчысы Т.Стамакуновдун Казыбек айылындагы муниципалдык гаражды капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айылындагы муниципалдык гаражды капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Казыбек айылындагы муниципалдык гаражды капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө Нарын облустук “Теңир-Тоо”өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоордун өздүк салымынын 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражаты Казыбек айыл өкмөтүнүн келээрки 2025 -жылдын бюджетинен каралып, которулуп берилсин .
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго жана СЭӨБ башчысы Т.Исаковго тапшырылсын.
Төрага | Э. Султаналиев |