Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры №13/1
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын “Беш-Мойнок-Ак-Чий” участкаларындагы жайыт жерлерге күндѳн энергия алуучу станция куруу үчүн суралып жаткан жер аянттарын трансформациялоого сунуштоо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын чегиндеги “Беш-Мойнок-Ак-Чий” участкаларындагы жайыт жерлеринен 1503 га жер аянты күндѳн энергия алуучу станция куруу үчүн трансформациялоого сунуштоого макулдук берилсин;
2. Жер аянттарын трансформациялоо үчүн сунуштоого тиешелүү иш кагаздарын даярдап бүткѳрүп берүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрайым | М. Акматалиева |