Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры №13/2
Куйручук-Кызарт айыл аймагы боюнча долбоорлорду сунуштоо жөнүндө
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан КР Финансы министрлиги тарабынан каржылануучу дем берүүчү грантка, Нарын облустук “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү жана Жумгал райондук өнүктүрүү фонддоруна 2025-жылга карата айыл аймагы тарабынан долбоорлорду сунуштоо боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун карап, айылдык кеӊештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан КР Финансы министрлиги тарабынан каржылануучу дем берүүчү грантка, Нарын облустук “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү жана Жумгал райондук өнүктүрүү фонддоруна төмөндөгү долбоорлор сунушталсын:
1) КР Финансы министрлигин каржылоосундагы дем берүүчү грантка:
- “Кызарт” ҮДТнын эски имаратын капиталдык оӊдоодон өткөрүү долбоору;
- Жаӊы-Арык акйылындагы М.Акимкожоев атындагы маданият үйүнүн имаратын капиталдык оӊдоодон өткөрүү долбоору.
2) Нарын облустук “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фондуна:
- Базар-Турук айылындагы “Жаны-Арык” каналынын 3 км аралыгын таш тизип бетондоо долбоору;
- Куйручук айылындагы “Дөөлөт-Арык” каналынын 3 км аралыгын таш тизип бетондоо долбоору
- Айыл чарба тракторун шайманы менен сатып алуу долбоору.
3) Жумгал өнүктүрүү фондуна:
- Жаны-Арык айылындагы “Ынтымак” паркын оӊдоодон өткөрүү долбоору.
2. Бул долбоорлордун өздүк салымы үчүн коюлуучу акча каражаттары Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору каралганда бөлүнүп бериле тургандыгы белгиленсин;
Жогоруда долбоорлордун өз убагында тиешелүү иш кагаздарын даярдап бүткөрүү жана долбоорлорду сунуштоо жагы Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрайым | М. Акматалиева |