Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 10-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры №1/8
Жаңы-Күч айылындагы Ж. Кайыпов атындагы мектеп
имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Казыбек айыл аймагынын башчысы Т.Стамакуновдун Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы мектеп имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы мектеп имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы мектеп имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө Дем берүүчү грантка сунушталган долбоордун өздүк салымынын 626 000(алты жүз жыйырма алты миң) сом акча каражаты Казыбек айыл өкмөтүнүн келээрки 2025 -жылдын бюджетинен каралып, которулуп берилсин .
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго жана СЭӨБ башчысы Т.Исаковго тапшырылсын.
Төрага | Э. Султаналиев |