Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры №13/3
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Базар-Турук айылындагы “Кызарт-келечеги” бала бакчасынын филиалына келип жаткан балдардын тамактануусу үчүн ата-энелерден ай сайын тѳлѳнүүчү тѳлѳм боюнча ѳткѳрүлгѳн 04.09.2024-жылдагы №23 Протоколду бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Кызарт-келечеги” бала бакчасынын кайрылуусун карап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Базар-Турук айылындагы “Кызарт-келечеги” бала бакчасынын филиалына келип жаткан балдардын тамактануусу үчүн ата-энелерден ай сайын тѳлѳнүүчү тѳлѳм боюнча ѳткѳрүлгѳн 04.09.2024-жылдагы №23 Протоколу бекитилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго жүктѳлсүн.
Төрайым | М. Акматалиева |