Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын I чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры №13/4
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы кабыл алынган бюджетинин кээ бир беренелери боюнча бѳлүнгѳн акча каражатын башка беренелерге жылдыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы кабыл алынган бюджетинин беренелерге бѳлүнгѳн каражаттарынын ичинен тѳмѳндѳгүдѳй башка беренелерге жылдырылсын:
1) АУПтун 2215 беренеси боюнча “Базар-Турук” БДРнин документациясын жазатуу үчүн бѳлүнгѳн акча каражатынын ичинен 100,0 миң сом, АУПтун 2215 беренеси боюнча ѳзгѳчѳ кырдаалдарды алдын алууга коюлган акча каражатынын ичинен 100,0 миң сом, АУПтун 2222 беренеси боюнча канц.товар алууга бѳлүнгѳн акча каражатынын ичинен 50,0 миң сом, Клубдан 2221 беренеси боюнча бѳлүнгѳн 100,0 миң сом, жалпы 350,0 миң сом акча каражаты “Кызарт-келечеги” бала бакчасынын Базар-Турук айылындагы жаңы ачылган филиалынын имаратына жылуулук системасын орнотууга жана айланасын тосууга керектүү курулуш материалдарын сатып алуу үчүн 2222 беренесине жылдырылсын;
2) АУПтун 2221 беренеси боюнча бѳлүнгѳн “Куйручук-Ата” булагын оңдоого бѳлүнгѳн 120,0 миң сом акча каражатынын 50,0 миң сому Куйручук айылына курулуучу хоккей аянтасына керектүү курулуш материалдарын алуу үчүн 3111 беренесине жана 70,0 миң сому Кара-Чий айылына электр зымдарын алууга 3112 беренесине жылдырылсын;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрайым |
М. Акматалиева |