Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-ноябры № 2570-VII
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жыл үчүн
бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген (2024-жылдын 15-майындагы чыг. № 18-4078) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишин баалоо үчүн натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн (КPI) иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетунда Социалдык фонддун кирешелерин, атап айтканда, экономиканын ар кандай секторлору тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн түшкөн кирешелерди, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн санынын көбөйүшү же кыскарышы, ошондой эле Социалдык фонддун административдик чыгымдары (штаттык саны, эмгек акысы, имараттарды күтүү, транспорттук чыгымдар жана башка чыгымдар) тууралуу маалыматтарды ачып берүүчү деталдаштырылган отчетту берсин;
- бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун түшүндүрмө катында кирешелер жана чыгашалар жөнүндө толук маалымат берип, Социалдык фондду санариптештирүүнү илгерилетүү маселелерин ачып берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |