Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 10-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры №1/10
Кызыл-Туу,Кара-Булуң айылдарынын негизги
көчөлөрүн жарыктандыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Казыбек айыл аймагынын башчысы Т.Стамакуновдун Кызыл-Туу,Кара-Булуң айылдарынын негизги көчөлөрүн жарыктандыруу жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Кызыл-Туу,Кара-Булуң айылдарынын негизги көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кызыл-Туу,Кара-Булуң айылдарынын негизги көчөлөрүн жарыктандырууга Нарын облустук “Теңир-Тоо”өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоордун өздүк салымынын 1 000 000 (бир миллион )сом акча каражаты Казыбек айыл өкмөтүнүн келээрки 2025 -жылдын бюджетинен каралып, которулуп берилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго жана СЭӨБ башчысы Т.Исаковго тапшырылсын.
Төрага | Э. Султаналиев |