Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) он үчүнчү сессиясы
2022-жылдын 27- октябры № 13-1
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылында жайгашкан № 26-ҮДТнын имаратын Ноокат аймактык ооруканасынын балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылында жайгашкан № 26-ҮДТнын имаратын Ноокат аймактык ооруканасынын балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылында жайгашкан № 26-ҮДТнын имаратын Ноокат аймактык ооруканасынын балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылында жайгашкан № 26-ҮДТнын имаратын Ноокат аймактык ооруканасынын балансына өткөрүүгө керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э.
|