Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 21-августу №5
«Сары-Челек айыл аймагындагы конкурстук жана аукциондук негизде ижарага берилүүчү жерлерге баштапкы бааны жана кадамдык (пошаговая сумма) суммасын бекитүү ошондой эле мыйзамсыз берилген ижара келишимдерин жокко чыгаруу жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын тоорук аркылуу (аукцион) жер участогун менчикке же пайдаланууга берүү жөнүндөгү жер мыйзамынын 29-статьясын жетекчиликке алуу менен Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 13.08.2024-жылдагы №01-3/158 сандагы сунушуна жана айылдык Кеңештин “Айыл чарбасы жана экология”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 14.08.2024-жылдагы корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Челек айыл аймагындагы үлүш жерлерден тышкаркы бардык конкурстук жана аукциондук негизде берилүүчү 1га жер тилкесинин баштапкы баасы:
а) Суулуу жер үчүн 4000сом
б) Кайракы жер үчүн 2000сом деп белгиленсин жана кадамдык суммасы (пошаговая сумма) 500 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул мезгилге чейин жер мыйзамдары одоно түрдө бузулуп,айыл аймагынын жарандарына мыйзамсыз түрдө берилген ижара келишимдери жана ижарага берилген жерлердин мамлекеттик каттоодо катталбаган келишимдери күчүн жоготуп,жокко чыгарылсын.
3. Бул багытта мыйзам чегинде,ырааттуу иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Айткуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин “Айыл чарбасы жана экология” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Б. А. Төрөбеков |