КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин ХI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2023-жылдын 03-майы № 12/1
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн Чарба айылынын Ак-Тонду участкасындагы жана Кара-Жыгач айылынын Келпик участкасындагы насостук станцияларын курулмалары менен мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүү жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин жер, курулуш, архитектура, айыл чарба, экология, транспорт жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын кезексиз 12- сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн Чарба айылынын Ак-Тонду участкасындагы жана Кара-Жыгач айылынын Келпик участкасындагы насостук станцияларын курулмалары менен Мамлекеттик мүлк фондусунун балансына өткөрүлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мамлекеттик мүлк фондусуна каттатып, Суу ресурстар кызматы мамлекеттик мекеменин балансына өткөрүп берүү жагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановго милдеттендирилсин.
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага: | А.Назарбеков |