Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 10-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры №1/12
Кызыл-Туу “Сезимтал”бала бакчасынын от казан имаратын ремонттоо жана жылытуу системасын жаңыртуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Казыбек айыл аймагынын башчысы Т.Стамакуновдун Кызыл-Туу “Сезимтал”бала бакчасынын от казан имаратын ремонттоо жана жылытуу системасын жаңыртуу жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Кызыл-Туу “Сезимтал”бала бакчасынын от казан имаратын ремонттоо жана жылытуу системасын жаңыртуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кызыл-Туу “Сезимтал”бала бакчасынын от казан имаратын ремонттоо жана жылытуу системасын жаңыртууга Дем берүүчү грантка сунушталган долбоордун өздүк салымынын 720 000(жети жүз жыйырма миң) сом акча каражаты Казыбек айыл өкмөтүнүн келээрки 2025 -жылдын бюджетинен каралып, которулуп берилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго жана СЭӨБ башчысы Т.Исаковго тапшырылсын.
Төрага | Э. Султаналиев |