Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин I чакырылышы кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 1
Чаек айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө
Чаек айылдык кеңешинин биринчи жыйынынын эсептөө комиссиясынын жыйынтыгынын негизинде №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин;
2. Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 21 депутатынын 21 добушуна ээ болгондугун белгилеп Муталиев Алтай Таштанбекович Чаек айылдык кеңештин төрагасы болуп шайланды деп табылсын;
3. Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Абаев Байзак Абаевич шайлангандыгы белгиленсин;
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү учүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Муталиев |