КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин ХI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2023-жылдын 03-майы № 12/4
Кара-Жыгач айыл аймагында мураптарды жана кароолчуларды шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын бекитип берүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтунүн башчысы М.Ызакановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын кезексиз 12- сессиясы токтом кылат:
1.Кара-Жыгач айыл аймагынын айылдарында элдик чогулуштар өткөрүлүп, ар бир айылды сугат суу менен камсыз кылуу үчүн мураптар жана чөп жайыттарды, эгин аянттарын кайтаруу үчүн кароолчулар шайлансын.
2. Шайланган мураптардын жана кароолчулардын укугу корголсун жана сууну уруксатсыз, бейчеки буруп, мураптын ишине тоскоолдук кылган жана кароолчунун аткарып жаткан жумушуна тоскоолдук жараткан жаранга Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексинин негизинде айып пул салынаары жергиликтүү элге катуу эскертилсин.
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага: | А.Назарбеков |